Министр Кулубаев АКШ мамдепартаментинин катчысынын жардамчысы Дональд Луну кабыл алды  

  • 12 месяцев мурун

24-апреде Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысынын Борбор Азия жана Түштүк Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Луну кабыл алды.   

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуу жана анын келечегинин негизги маселелерин талкуулады.  

Министр Жээнбек Кулубаев кыргыз тарап ар дайым өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен жана мамлекеттер ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташууну жактай турганын белгиледи.

Өз кезегинде америкалык тарап өлкөдөгү демократиялык институттарды жана жарандык коомду чыңдоого көмөк көрсөтүүгө ниетин ырастады.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектри боюнча сүйлөшүүнү улантууга өз ара ниеттерин ырасташты.

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты