Министр Кендирбаевага эскертүү, кыркка жакын жетекчиге сөгүш жарыяланды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, президенттик администрацияда өткөн коллегиянын жыйынтыгы менен Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министр жана анын орун басарларына, бир катар акимдерге сөгүш берип, бир катарын кызматтан бошотуу чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
Мындай чечим аткаруу тартибинде кетирген кемчиликтери, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, негизсиз командировкага кеткендиги жана мекеменин иш пландарын талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү үчүн тартиптик жазалар колдонулду.
1) Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевге катуу сөгүш;
2) Санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Клим Омельченкого сөгүш;
3) Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Сергей Слесаревге сөгүш;
4) Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаевге сөгүш;
5) Билим берүү министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиевге сөгүш;
6) Жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары Кубат Касейиновго сөгүш;
7) Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиевге сөгүш;
8) Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузаковага сөгүш;
9) Коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаевге сөгүш;
10) Саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаевага сөгүш;
11) Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетовго сөгүш;
12) Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыковго сөгүш;
13) Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Максат Саргазаковго сөгүш;
14) Министрлер кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директорунун орун басары Мирлан Усенкановго сөгүш;
15) Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асель Раимкуловага катуу сөгүш;
16) Айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдиновго катуу сөгүш;
17) Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулуна катуу сөгүш жарыялансын.
18) Айыл чарба министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Сокеев кызмат ордунан бошотулсун.
‒ Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаевага — эскертүү;
‒ Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева катуу сөгүш жарыялансын;
‒ Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу кызмат ордунан бошотулсун;.
Билим берүү жана илим министрлигинин төмөнкү кызматкерлерине карата тартиптик жазалар колдонуу сунушталсын:
‒ Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуевге катуу сөгүш;
‒ Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымовага катуу сөгүш жарыялансын;
‒ Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо секторунун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Дамир Алибаеваны кызмат ордунан бошотуу;
‒ Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуудан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнур Исираилова катуу сөгүш жарыялансын.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин талаптагыдай эмес уюштургандыгы үчүн төмөнкү кызмат адамдарына дисциплинардык жазалар колдонулду:
— Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковго сөгүш;
— Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаровго сөгүш;
— Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары Кадырбек Аджиевге сөгүш;
— Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары Жыпаргүл Бектемировага сөгүш;
— Токтогул районунун акими Акылбек Тюкбаевге сөгүш;
— Ак-Талаа районунун акими Жумадил Жапаровго сөгүш;
— Панфилов районунун акими Бекмат Масаидовго сөгүш;
— Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормоновго сөгүш;
— Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяровго катуу сөгүш жарыялансын;
— Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиевге катуу сөгүш;
— Нарын районунун акими – Нуридин Мадимаровго катуу сөгүш;
— Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавидиновго катуу сөгүш;
— Манас районунун акиминин орун басары Айгуль Батырбековага катуу сөгүш жарыяланды.
Ал эми бир катар акимдерди кызматтан алуу сунушталды.
Ал эми акимдин бул орун басарлары кызматтан бошотулду:
-Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Таалай Ибраимов;
— Баткен районунун акиминин орун басары Кишимжан Кыдырова;
— Кадамжай районунун акиминин орун басары Мээрихан Асанова;
— Токтогул районунун акиминин орун басары Айна Нават кызы;
— Нарын районунун акиминин биринчи орун басары Туратбек Кулешов;
— Талас районунун акиминин орун басары Адилет Жолдошев;
— Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары Маматиса Кокоев кызмат ордунан бошотулсун.
Сүрөт: gov.kg