Министр Чечейбаев Кыргызстанда ядролук медицина борбору түзүлөрүн билдирди

  • 10 месяцев мурун

Министрлер кабинети Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында Ядролук медицина борборун түзүү чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Бишкекте Улуттук борбордун 65 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда 11-сентябрда билдиргени тууралуу министрликтин сайтында маалымдалды.

Министр ал өлкөдөгү онкологиялык кызматтын өнүгүшүндө маанилүү кадам болорун айтты. Ошондой эле долбоорду «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен тез арада ишке ашырууга үмүт артаарын кошумчалады.

Мындан тышкары, индиялык өнөктөштөр менен заманбап жабдууларды —сызыктык ылдамдаткычты жеткирүү боюнча келишимдерге жетишилди. Бул онкологиялык кызматтын техникалык базасын олуттуу түрдө чыңдайт.

Конференцияга Беларус, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Россия, Түркия жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы онкологдору жана онкологиялык кызматтарынын жетекчилери катышты.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты