Министр: Акыркы төрт жылдан бери кылмыштуулук дээрлик 69% азайды

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымат берилди.

Улан Ниязбековдун берген маалыматына ылайык,  өлкөдөгү 93% кылмыштуулук ички иштер органдарында катталгандыгына карабастан, акыркы төрт жылдан бери кылмыштуулуктун катталуусу дээрлик 69% азайтууга жетишкен. 

Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу, ведомствонун материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана калк менен өз ара аракеттенүү иштерин жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи. 

Президент ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруунун, укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүнүн, ошондой эле укук тартибин жогорку деңгээлде сактоонун маанилүүлүгүнө басым жасады.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты