Минералдык жер семирткичтин аткезчилик жүктөрү токтотулду

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети  (УКМК) тарабынан 17-майда У.Н.А. аттуу жарандын башкаруусундагы жүк ташуучу унаа токтотулган. Жогоруда аталган жүк ташуучу унааны тинтүү учурунда «ТКЦ» маркасындагы жалпы көлөмү 10 тоннаны түзгөн же ар бири 50 кг болгон 200 кап цемент табылган.

Ошол эле учурда бул мүшөк астында коңшу мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүү үчүн катылып, ар бири 50 кг болгон 300 мүшөк, жалпы көлөмү 15 тоннаны түзгөн минералдык жер семирткич (аммиак селитрасы) катылган.

Соода-өнөр жай палатасынын корутундусу менен кармалган товардын баасы аныкталып, 780 миң сомду түзгөн.

Бул факты кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде (Экономикалык контрабанда) боюнча каралган кылмыштыннегизинде кылмыштардын бирдиктүү реестринин сотко чейинки өндүрүш ишинее катталган.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты