Минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз ташып бараткан жүк кармалды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан чек арага жакын конуштар аймагында 1100 000 сомдон ашык (жалпы салмагы 27,8 тонна, 550 каптан ашык) карбамид түрүндөгү мыйзамсыз ташылган минералдык жер семирткичтер жүгү кармалган.

Аталган факты боюнча 14-апрелде жогорудагы башкармалыктын тергөө бөлүмү тарабынан, кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты