Милиция тойканада кызга кол көтөргөн окуя боюнча маалымат берди

  • 2 года мурун

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Аламүдүн районундагы тойканалардын биринде белгисиз адамдын фотограф кызды жаткыра тепкен окуясы боюнча маалымат берди.

Расмий маалыматка караганда, жабырлануучу берген арыздын негизинде шектүү аныкталып, 27 жаштагы Э. А. аттуу жаранга Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-беренесинин («Майда бейбаштык») негизинде 10-ноябрда шектүү катары билдирүү берилген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

«Учурда бардык зарыл болгон иш-чараларды жүргүзгөндөн кийин кыска убакыт ичинде сотко материалдар жиберилет. Ошону менен биргеликте жабырлануучу тарабынан «бул факты боюнча милиция кызматкерлери каттабай коюшту» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Сотко чейинки өндүрүштө жабырлануучунун денесине келтирилген зыянды аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын кортундусуна ылайык жабырлануучунун ден соолугуна жеңил зыян келтирилгендиги белгилүү болгон», — деп жазылган милиция тараткан билдирүүдө.

Маалыматка караганда, 26-сентябрда 19 жаштагы кыз Көк-Жар айылындагы ресторандын биринде белгисиз адам тарабынан эч себепсиз сабалганын айтып милицияга арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында белгисиз кишинин тек-жайы аныкталган. Ал суракка алынып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жана мас экендигин билдирген.

Буга чейин социалдык тармактарга эркек киши чуркап келип кызды жаткыра тепкен видео тарап, коомчулуктун талкуусуна түшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты