Милиция Телеграм-каналдагы чагымчыл билдирүүлөргө бишкектик өспүрүмдүн тиешеси жок экенин билдирди   

  • 4 месяца мурун

2025-жылдын 16-октябрында «Ужас Бишкека Аверсион» деп аталган топтун мессенжеринде коркутуулар жана чагымчыл мүнөздөгү сүрөттөр камтылган билдирүү жарыяланган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери УКМК менен бирге скриншотто көрсөтүлгөн баланын тек-жайын аныкташты. Ал- “Эне-Сай” конушунун тургуну, жашы жете элек М.Н. болуп чыкты.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) басма сөз кызматы билдирди.  

Өспүрүм ата-энесинин коштоосунда милиция бөлүмүнө жеткирилген. Өспүрүм буга чейин Telegram- каналда белгисиз адам менен жаңжалдашып, кийин анын эл аралык издөөдө жүргөн Овсюк Ярослав экени белгилүү болгонун түшүндүргөн. Андан кийин анын дарегине bishkekhorror аттуу аккаунттан коркутуулар келген.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында М.Н. коркунучтуу билдирүүлөрдүн таралышына тиешеси жок экени, ал эми бул билдирүүлөр чагымчыл мүнөздө болуп, башка колдонуучулар тарабынан өч алуу максатында жайгаштырылганы аныкталды” деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан ата-энелерине укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесине ( ата-энелик милдеттерден качуу) ылайык протокол түзүлгөн.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) борбордогу бир катар мектептердин окуучуларын коркуткан киши аныкталганын билдирди. Ал 2005-жылдын 23-октябрында туулган чет элдик жаран Овсюк Ярослав болуп чыкты. Алынган маалыматтар боюнча, аталган жаран мурда Россиянын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөнү катталган эмес.

Сүрөт: Бишкек ИИББ башкармалыгынын басма сөз кызматы, Телеграм каналдагы сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты