Милиция сүннөткө отургузгандан кийин чарчап калган баланын өлүмүн иликтеп жатат

  • 2 года мурун

Бишкектин Октябрь райондук милициясы сүннөткө отургузгандан кийин чарчап калган жети жаштагы баланын өлүмүн иликтеп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жети жаштагы бала Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда наркоз (жалпы эмес) менен сүннөткө отургузулган.

Кийин Платтер синдрому, жарааттан кан кетүү диагнозу менен балдардын 3-ооруканасына түшүп, эсине келбей үзүлгөн. Милиция бул фактыны каттоого алып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Иликтеп-териштирүү иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты