Милиция кызматкерлеринин күнү. Президенттин куттуктоосу  

  • 6 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин милиция  күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

-Дээрлик бир кылымдык тарыхы бар кыргыз милициясы эгемендикке ээ болгондон бери эле канчалаган оор сыноолорго туруштук берип, даңазалуу жана сыймыктуу жолду басып өттү. Биздин тартип сакчыларыбыз баштарына түшкөн кыйынчылыктарга карабастан, калкыбыздын бейпил турмушун камсыз кылуу үчүн өмүрлөрүн тобокелге салып, күнү-түнү кызмат кылгандыгын ыраазычылык менен белгилеп кетейин,-деди мамлекет башчы.

-Эми элибиз “Менин милициям мени коргойт” деген накыл сөздү кармангандай кылып, ишенимин актап иштөөгө мезгил келди. Борбор шаарыбыздан баштап, өлкөбүздүн булуң-бурчунда жашап жаткан жарандарыбызга чейин азыркы учурда кылмыштуулук менен болуп жаткан аёосуз күрөштүн натыйжасы сезилиши керек. Ошондо гана биз элибиздин эртеңки күнгө, келечекке болгон ишенимин арттырабыз. Мамлекетибиздин, коомубуздун жана жарандарыбыздын коопсуз жашоосун, алардын мыйзамдуу укуктарынын корголушун камсыздай алабыз. Бул максатты ишке ашыруу сиздерден кажыбас кайратты, талыкпас эмгекти жана кесипкөйлүктү, ошондой эле ак иштөөнү талап кылат.

Кыргыз милициясы мезгил менен бирдей кадам таштап, өзгөрүп, жаңыланып жатканы журт арасында туура кабыл алынууда. Учурдун талабына ылайык, министрликтин бардык түзүмдөрүндө санариптештирүү жана башка заманбап технологиялардын колго алынышы кызматкерлердин арасындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюп, элдин милицияга болгон ишеничин бекемдөөдө.

Өмүрүн коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө арнаган кадырлуу ардагерлер, сиздер азыр да четте калбай мол тажрыйбаңыздарды жаш кызматкерлер менен бөлүшүп, коомдук тартипти сактоого өз салымыңыздарды кошуп жаткандыгыңыздар мени кубандырат. Сиздер басып өткөн жол жаш кызматкерлер үчүн ар дайым үлгү болот.

Урматтуу тартип сакчылары!

Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Ары татаал, ары жооптуу кызматыңыздарды дайыма ийгилик, жакшы саамалыктар коштоп жүрсүн.

Күнөстүү Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, эгемен мамлекетибиз өнүгүп-өсө берсин!

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты