Милиция кызматкери Жумабек уулу Султан Ысык-Көлдүн 50 чакырымын сүзүп өттү

Милициянын старшинасы Жумабек уулу Султан  Ысык-Көлдүн  50 чакырым аралыгын сүзүп өткөн.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал 30-августта Чолпон-Ата шаарынан Бостери айылына чейин жана кайра Чолпон-Атага чейин  сүзгөн. Милиция кызматкери Бостери айылынан сүзүп келе жатканда катуу шамал болгонуна карабастан, болжогон 50 чакырымды  8 саат 33 мүнөттө сүзүп өтүп, өжөрлүгүн, эрктүүлүгүн көрсөтө алган.   

Андан кийин, Чолпон-Ата шаарынан  Чоң-Сары-Ой айылына чейин жана кайра артка жол алуу менен велосипедде дагы 50 чакырым жол жүрүп өттү. Муну менен Жумабек уулу Султан бардык
жарандарды сергек жашоого чакырды жана  Кыргыз Республикасынын бардык
жарандарын эгемендүүлүк күнү менен куттуктагысы келген.


Жумабек уулу Султан  учурда ИИМдин Ленин райондук күзөт кызматында иштейт, Талас облусунун кулуну.

Сүрөттөр: ИИМдин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты