Милиция кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды
- 2 недели мурун
(УКМК) Талас райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Т.Р.З. тарабынан пара талап кылууга шектелип кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Т.Р.З. ички иштер органдарынын кызматкери узак убакыт бою Т.Н.Т. аттуу жаранга басым көрсөтүп, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуу аркылуу системалуу түрдө акча каражаттарын талап кылып келген.
21-февралда УКМК кызматкерлери тарабынан ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирге жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Т.Р.З. талап кылынган паранын 100 миң сомун алып жатканда кармалды.
Учурда кармалган жаран Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: УКМК




