Милиция кызматкери пара опузалоого шектелип кармалды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) чет өлкөлүк жарандан ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери тарабынан жасалган мыйзамсыз аракеттер тууралуу арыз түшкөн. Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын февраль айынын аягында милиция кызматкери аны кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, 5000 АКШ долларын талап кылган.

Ички иштер министрлигин (ИИМ)  басма сөз кызматы билдиргендей, аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМКнын ИИМдин ички иликтөө кызматы биргелешип өткөргөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыйгарым укуктуу кызматкери Ж.М. кармалган.

Кармалгандан кийин тинтүү жүргүзүлгөн. Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты