Миграциялык мыйзамды бузган чет өлкөлүк жарандар аныкталууда

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 11-июндан тартып,  «Нелегал-2025» атайын операциясы башталды.

Президенттин 2025-жылдын 22-майындагы жарлыгы менен  укуктук статусун мыйзамдаштыруу боюнча жеңилдетилген мөөнөт каралбаганына карабастан, миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар аныкталган.

Тартип бузгандар тиешелүү фильтрациялоочу жайга жеткирилип, Ички иштер министрлигинин эстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

УКМК иш берүүчүлөрдү жана чакырган тараптарды мыйзам бузган чет элдиктерди өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө багытталган чараларды көрүүгө чакырат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты