Миграция министри Орусиядагы кыргыздарды ал жердин мыйзамдарын так сактоого чакырды

  • 1 год мурун

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Орусиянын борбору Москвада кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда министр диаспоралардын өкүлдөрү менен миграциялык каттоого туруу, акыркы өзгөртүүлөргө ылайык медициналык текшерүүдөн өтүү жана дактилоскопиялык каттоодон өтүү, Орусиядагы кыргыз жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына болгон жеткиликтүүлүгү сыяктуу миграция чөйрөсүндөгү бир катар маселелерди талкуулаган.

Ошондой эле Жылдыз Полотова кыргыз мигранттарын Орусиянын мыйзамдарын урматтоого жана так сактоого жана Орусиянын Кыргызстандын жарандарынын арасында алардын укуктук ченемдерин жогорулатуу максатындагы маалыматтык-агартуу кампаниясына катышууга чакырган.

Эмгек министри мигранттарга Кыргызстандагы татыктуу эмгек акы менен камсыз кылган жумуш орундарынын түзүлүшү үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берген.

“Жылдын аягына чейин 250 миң жумушчу орун түзүлөт. Эмгек акы бардык тармактарда, биринчи кезекте жеңил өнөр жай, курулуш тармагында өсүүдө. Эмгек министрлиги өз ишин ачууну көздөгөндөргө олуттуу колдоо көрсөтүүдө”,- деген министр айым.

Сүрөт: mlsp.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты