Миң-Булак айыл аймагынын башчысы кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комититет (УКМК) Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Т.Т.ны кармаганын маалымдады.

Маалымат боюнча, айыл башчысы “Лабиринт” ЖЧКсынын башкы директору А.А.дан Нарын районунун Куйбышев айылындагы бала бакчанын тегерегине брусчатка төшөө боюнча келишим түзүү маселесин оң жагына чечүү үчүн 20 миң сом талап кылган.

“Лабиринт” ЖЧКсынын башкы директору А.А. алдын ала мурда “МБанк” мобилдик тиркемеси боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын талабы менен Т.Т.га 8 миң сом которгон.

25-майда кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында, пара алуу учурунда — калган 12 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Т.Т. кармалды.

Айыл башчыдан 12 миң сом табылып, мыйзамда белгиленген тартипте документтештирилди.

Учурда тергөө иштери улантылып жаткандыгы маалымдалды.   

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты