Ми-8 тик учагынын кыйрашы боюнча Аба чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн экс-башчысы жана аскер бөлүгүнүн командири кармалды

Аскер прокуратурасы тарабынан Куралдуу Күчтөрдүн Аба чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн мурдагы башчысы К.А. жана №23565 аскер бөлүгүнүн командири Д.Д. кармалды.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

2024-жылдын 17-январында №23565 аскер бөлүгүнүн аэродромунун аймагында окуу-машыгуу учуусун жүргүзүү учурунда Ми-8 аскердик тик учагы кыйраган. Кырсыктын кесепетинен тик учактын командири С.Ж. каза болуп, дагы 10 аскер кызматкери ар кандай даражадагы жаракат алышкан. Мамлекетке келтирилген материалдык зыян 50 млн сомдон ашкан.

Аскер прокуратурасы тарабынан тик учактын кыйрашынын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары улантылууда. Тергөөнүн жыйынтыгы менен аталган окуяга тиешеси бар экендиги аныкталган Коргоо министрлигинин кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилет.

Сүрөт: Башкы прокуратура

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты