Мектепке күчүк алып келген окуучунун окуясы: Мугалимге катуу сөгүш берилди

  • 1 год мурун

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык тармактарга тараган мектепке күчүк алып келген окуучуну мектептен чыгарылып каласых деп урушкан мугалимге катуу сөгүш берилгенин жана директор менен социалдык педагогго сөгүш берилгенин билдирди.

Андагы окуя ушул жылдын 13-февралында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бабажан Айтматов атындагы орто мектепте болгондугу айтылат.

“4-класстын окуучусу мектепке күчүк алып келгендиктен, класс жетекчиси А. З. бир аз урушуп, соцпедагогду чакырган. Ал окууучуга мындай көрүнүштү кайталабоого чакырып, директорго алып кирген. Андан кийин окуучунун колун жуудуруп, класска киргизген” деп айтылат билдирүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги күчүк алып келген окуучуну урушкан мугалимге катуу сөгүш, ал эми мектеп директору менен соцпедагогго сөгүш береилгенин билдирди.   

Социалдык тармактарда класска күчүк алып келген баланы мектептен чыгарабыз деп урушуп жаткан мугалимдин видео тасмасы тараган. Видео тасмада мугалим окуучуну класска күчүк алып келгени үчүн мектептен чыгарабыз деп кыйкырып урушуп жатканы тартылган.  Окуучу күчүктү пакетке салып, кийим илгичке илип койгон.

       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты