Мектеп окуучулары күзгү каникулга чыгышты
- 2 недели мурун
Кыргызстандын агартуу министрлигинин 2025-2026-окуу жылына карата бекиткен каникул графигине ылайык, мектеп окуучулары 5-ноябрдан баштап, 9-ноябрга чейин каникулга чыгышты.
Окуу 10-ноябрда улантылат.
Кышкы каникул 2025-жылдын 31-декабрынан 2026-жылдын 11-январына чейин болот. Окуу 12-январда улантылат.
Жазгы каникул 2026-жылдын 6-8-мартында болот. Окуу 9-мартта улантылат.
Май айындагы каникул 2026-жылдын 1-10-майында болот. Окуу 11 майда башталат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




