Азия чемпионаты жыйынтыкталды

  • 1 месяц мурун

12-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Кыргызстандын командасы татыктуу жыйынтыктарды көрсөттү.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.  

Мелдеш 6-апрелден 12-апрелге чейин “Жаштык Арена” спорттук комплексинде өттү.

Континенттик биринчиликке Азиянын 31ден ашык өлкөсүнөн 350дөн ашуун балбандар катышып, мелдеш аймактагы маанилүү спорттук окуялардын бири болду.

Кыргыз Республикасынын курама командасы татыктуу жыйынтыктарды көрсөттү:

Грек-рим күрөшү боюнча 4 алтын медаль жана командалык эсепте 2-орун;

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль, командалык эсепте 4-орун;  Эркин күрөш боюнча 4 коло медаль жана командалык эсепте 5-орун.

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт комитети

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты