Чуңкурчак капчыгайында спорттук туризм боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өттү

22-мартта Чункурчак капчыгайында тоо аралык дистанциялар боюнча спорттук туризм боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Мелдештерге аймактын күчтүү командалары жана спортчулары катышты.

Катышуучулар «аска дистанциясы», «асма өтмөк» жана «жабырлануучуну ташуу» сыяктуу техникалык этаптарда күч сынашып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын, чыдамкайлыгын жана командалык ынтымактуулугун көрсөтүштү.

Чемпионаттын алкагында 14 комплект медаль ойнотулду.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча: Эркектер арасында 4 топтук  команда арасында 1-орун Каракол шаарынын спорттук командасына, аралаш топтор арасында 1-орун — КР спорттук туризм федерациясынын тоо секциясына ыйгарылды, эркектер арасында эки адамдык топто 1-орун — Бекболот Мурзабеков, Каныбек уулу Бахтияр, аялдар арасында 1-орун — Алия Капарова, Анна Литвинова, аралаш топто 1-орун — Павел Бибик, Анна Литвиновага берилди.

Чуңкурчак капчыгайында спорттук туризм боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өттү
Чуңкурчак капчыгайында спорттук туризм боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өттү
Чуңкурчак капчыгайында спорттук туризм боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өттү
Чуңкурчак капчыгайында спорттук туризм боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өттү


Сүрөттөр: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты