360 жаран ажылыкка аттанды  

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 15-майда, «Манас» эл аралык аэропортунан Жидда шаарына 360 жаран ажылык сапарга жөнөдү.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.   

Ажылык сапарга узатууга Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков, муфтий Абдулазиз кары Закиров, Flyadeal авикомпаниясынын өкүлү Ибрагим Дербаши, муфтийдин орун басарлары жана КМБДнын кызматкерлери катышты.

Узаткандар ажылык сапарга аттануучуларга ак жол каалады.

Кыргызстандан 6060 зыяратчы ажылыкка аттанууда.

Бул — Бишкек-Жидда багыты боюнча алгачкы рейс. Ал эми ажылык сапарга алгачкы топ 10-майда Ош шаарынан Ош-Медина багыты боюнча жөнөп кеткен.

Сүрөт: Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты