Ажылыкка аттана тургандардын алгачкы тобу 11-майда жөнөйт
- 5 месяцев мурун
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тартып сапарга аттанат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, зыяратчылар үчүн эң маанилүү нерселердин бири Nusuk картасы -бейжик картасыз. Меккеге жана ыйык жерлерге ал картасыз кирүүгө мүмкүн эмес. Ошондой эле ал негизги кызматтарга жетүүнү камсыз кылат.
Карта ажылыкты уюштуруу штабы (ажы башчыңыз) тарабынан берилет. Санарип версиясы Nusuk жана Tawakkalna тиркемелеринде жеткиликтүү.
Эгер Nusuk картасын жоготуп алсаңыз, анын санарип версиясын колдоносуз жана картаны кайра чыгаруу үчүн ажы башчыңызга кайрыласыз.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




