2026-жылдагы ажылык сапарга каттоо башталат
- 10 месяцев мурун
2026-жылдагы ажылык сапарга документтерди кабыл алуу 23-сентябрдан башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
2025-жылдын 23-сентябрынан баштап 2026-жылдагы ажылык сапарга баруучу жаңы талапкерлерден Элдик Банкына ажылык сапар эсебине алдын ала баштапкы 2000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1200 сомдун негизинде төлөм кабыл алынат. Төлөм кабыл алуу 23-сентябрдан банктык эсеп боюнча квота толгон убакытка чейин кабыл алынат, квота толгондо төлөм кабыл алуу токтотулат.
Ажылык сапарга каттоо боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын сайтынан таанышууга болот.
Маалматта айтылгандай, ажылыкка талапкерлердин төлөнгөн убактысын эске алуу менен квитанциясынын негизинде Кыргызстан боюнча жандуу тизме менен каттоого тургузулат.
«2026-жылы ажылыкка баруучу жарандар Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (КМДБ) тарабынан жарыяланган мөөнөттүн ичинде каттоодон өтүүгө тийиш. Андан кечиккен жарандар каттоого алынбайт. Эгер төлөм учурунда ажылыкка берилген орун (квота) толуп калса, Элдик банкка (РСК) акча төгүү мөөнөтү токтотулат» деп айтылат маалыматта.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




