“Мекенчил” депутаттык тобунан Кундузбек Сулайманов кызматтык унаадан баш тартаарын билдирди
- 2 года мурун
9-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Мекенчил” депутаттык тобунан Кундузбек Сулайманов кызматтык унаадан баш тартарын билдирди.
“Эки-үч күндөн бери биздин кызматтык унаалар боюнча талкууларды карап отуруп, бүгүн расмий айтып коеюн дедим, мен кызматтык унаа албайм. Менин өзүмдүн округумдагы, Шамалды-Сай округунда мэрдин, айыл өкмөттөрдүн кызматтык унаасы жок болуп жатат, расмий түрдө улуу трибунадан айтып коеюн, мен кызматтык унаа албайм. Эгер туура көрсөңүздөр, мени популист болуп, упай топтоп жатат деп ойлобоңуздар. Көз карандысыз эксперттер, журналисттер дагы биздин кызматтык унааларыбыздын акчасын сурап жатат, “аласызбы-албайсызбы” деп, элде дагы кайчы пикирлер көп болууда. Ошондуктан, мен албай коюуну туура көрдүм. Мага деген кызматтык унаанын ордуна менин округумдагы айыл өкмөттөргө же социалдык объекттерге берели. Мен баарыңыздарды чакырып кетем, 1, 5 жыл убактыбыз калыптыр, жаман көрүнүп ушул кызматтык унааны албай эле коелу” деди депутат Кундузбек Сулайманов.
3-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттарга кызматтык унаа берүү маселеси жабык каралды. Айрым ЖМКлар жеке булактарына таянып, аларга Кытайдын электромобили Li Xiang L7 жана Li Xiang L9 электромобили берилээрин жазган. Алардын баасы 46,5 миң доллар жана 62,5 миң доллар турары айтылууда.
Садыр Жапаров 11-мартта «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу» тууралуу кол койгон мыйзамга ылайык, депутаттарга кызматтык унаа берүү тартибин Министрлер кабинети аныктайт.
2015-жылы Жогорку Кеңеш кызматтын унаадан баш тартуу демилгесин көтөрүшкөн.
Сүрөттө: Кундузбек Сулайманов. kenesh.kg




