Депутаттар үчүн кызматтык унаа. Кандай маркадагысы алынып келээри чечиле элек  

  • 8 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы депутаттарды кызматтык унаа менен камсыздоо маселеси боюнча түшүндүрмө берди.

Анда буга чейин Жогорку Кеңештин 20 айым депутаты кызматтык унаа менен камсыздалганы, бирок алардын айдоочуларынын айлык акысы мамлекеттин эсебинен эмес, депутаттын жеке фондунан төлөнүп келгенин билдирди.

“Ал эми калган 70 депутатты унаа менен камсыздоо иши да так эле ушундай шартта жүргүзүлөрү каралууда. Бирок кайсы маркадагы унаа алынып келинери азырынча толук чечиле элек. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 32-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык автоунаа берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан аныкталат. Ал эми кызматтык автоунааны пайдалануу тартиби Жогорку Кеңештин жобосу менен бекитилет”деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 3-апрелде,  Жогорку Кеңеште депутаттарга кызматтык унаа берүү маселеси жабык каралды. Айрым ЖМКлар жеке булактарына таянып, аларга  Кытайдын электромобили Li Xiang L7 жана Li Xiang L9 электромобили берилээрин жазган. Алардын баасы  46,5 миң доллар жана 62,5 миң доллар турары айтылууда.

Садыр Жапаров 11-мартта «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу» тууралуу кол койгон мыйзамга ылайык, депутаттарга кызматтык унаа берүү тартибин Министрлер кабинети аныктайт.

2015-жылы Жогорку Кеңеш кызматтын унаадан баш тартуу демилгесин көтөрүшкөн.

Иллюстрациялык сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты