«Meken» брендиндеги ноутбукту сапатсыз делген ноутбуктарга алмаштырбоону суранабыз”. Директордун жообу
- 2 года мурун
«Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун туунду ишканасы болгон «Кыргызэлектроника» жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) кураштырган Meken брендиндеги ноутбукту башка компанияга тийиштүү болгон сапатсыз делген ноутбуктарга алмаштырбоону, чаташтырбоону суранабыз” деп билдирди “Кыргызэлектроника” ишканасынын директору Илья Черный .
-Эсиңиздерге салсак, быйылкы жылдын июль айынан бери Мекен брендиндеги ноутбуктарды чыгара баштадык, биз ноутбуктарды кураштырабыз. Аны профессионалдуу жабдууларда профессионалдуу шаймандардын жардамы менен атайын окуган адистер чогултушат. Билим берүү системасын трансформациялоо боюнча “Алтын казык” долбоору бар, бул долбоордун аткаруучусу катары биздин компания эмес, башка ишкана бекитилген. Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 28-октябрындагы № 679 р буйругуна ылайык, башка компания көрсөтүлгөн. “Кыргызэлектроника” бул долбоорго катышкан эмес. Биз электрондук жабдууларды чыгарууну уланта беребиз. Биз көп функционалдуу принтерлер, жөнөкөй жана түстүү принтерлерди чыгарабыз, телевизордун приставкаларын, ККМ аппараттарын, ноутбуктарды жана башка техникаларды чыгарабыз Ушулардын баарын жеке жактарга жана уюмдарга чыгарып келебиз, -деди “Кыргызэлектроника” ишканасынын директору Илья Черный.
«Кыргызиндустрия» ААКнун туунду ишканасы “Кыргызэлектроника” компаниясы электроника буюмдарын кураштыруу жана өндүрүү менен алектенет. Тактап айтканда, Pantum бренди менен тармактык жана сервердик жабдууларды принтерлерди, коммутаторлорду, Wi-Fi роутерлерди, маалымат сактоочу дисктерди, ККМ аппараттарын чыгарат.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн сапатсыз ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага жана башкаларга сөгүш жарыяланган.
“Өлкөбүздүн орто мектептеринин бардык мугалимдери ноутбук менен камсыздалышы кажет” деп Садыр Жапаров билим берүүнү санариптештирүү маселеси талкууланган кеңешмеде тапшырма берген.
Буга чейин “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун туунду ишканасы «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы өз өндүрүшүнүн негизинде Meken брендиндеги ноутбуктарды чогултуу процессин баштагандыгы белгилүү болгон.




