Кыргызстан «Дүйнөлүк көчмөндөр» оюндарынын брендине өзгөчө укук алды
- 4 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” товардык белгисине өзгөчө укуктарды мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү аземине катышты. Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги ролун белгиледи.
«Бул долбоор бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн чыныгы улуттук бренд, мамлекетибиздин маданий дипломатиясынын флагманы жана эл аралык беделибиздин маанилүү символу» деп белгиледи төрага.
Касымалиев оюндар Кыргызстанда 2014, 2016 жана 2018-жылдары ийгиликтүү өтүп, дүйнөлүк коомчулуктун зор кызыгуусун жаратканын эске салды. Андан кийин Түркия (2022) жана Казакстан (2024) эстафетаны колго алып, эл аралык аренада да жогорку баага татыды. 2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан Кыргызстанда өтөт жана Кыргызстан дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторду тосуп алууга кызуу даярдык көрүүдө.
Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын пайдубалын түптөп, анын бренд катары өнүгүшүнө зор салым кошкон Асхат Акибаевдин жетишкендиктерин өзгөчө белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасына товардык белгилерге өзгөчө укуктарды өткөрүп берүү Оюндардын институционалдык жана укуктук негиздерин бекемдеп гана тим болбостон, туруктуу мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.
Адылбек Касымалиев бренддин мамлекетке өтүшүн Кыргызстандын дүйнөлүк маданият жана спорт саясатында позициясын мындан ары да бекемдей турган чечим деп атады.
Архивдик сүрөт: Маданият министрлиги




