Мугалимдерге ноутбук тапшырылды

  • 11 месяцев мурун

Чүй облусундагы жетим жана ата-энесинин кароосуз калган балдар үчүн жатак-мектепке агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев 1-сентябрда барып, мугалимдер менен тарбиячыларга ноутбук тапшырды.

Бул тууралуу агартуу министрлиги билдирди.

Мухтарбек Баймурзаев тарбиялануучулар менен маектешип, алардын билим жолунда ийгиликтерди багынтуусун каалап, балдардын келечегине жылуу каалоо-тилектерин билдирди.

Министрдин биринчи орун басары мектептин имараттарын жана материалдык-техникалык базасын да көрүп, азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин абалы менен таанышты.

2025-жылы агартуу министрлиги жатак-мектепке 20 млн сом бөлүп берген, бул каражаттын эсебинен жатак-мектептин имараттары жаңыланып, шарттары жакшыртылууда.

Сүрөт: edu.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты