Меккеге ажылыкка барууга кыргызстандыктар үчүн 6110 квота бөлүнгөн

  • 1 год мурун

Быйылкы жылы Сауд Аравия Меккеге ажылыкка барууну каалаган кыргызстандык зыяратчылар үчүн 6110 квота бөлгөн.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-февралда, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын  директору Тойгонбай Абдыкаров менен Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиевди кабыл алуу учурунда айтылды.

Замир Ракиевдин маалыматы боюнча, быйылкы жылы Сауд Аравия Королдугу Меккеге ажылыкка барууну каалаган кыргызстандык зыяратчылар үчүн 6110 квота бөлгөн.

Ажылык сапарга даярдык көрүү боюнча республикалык штаб түзүлгөн, анын курамына мамлекеттик органдардын, анын ичинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирген.

Тойгонбай Абдыкаров комиссиянын учурдагы ишмердүүлүгү, аткарылган иштер жана жакынкы пландар тууралуу маалымат берди.

Президент элдин ажылыкка жумшай турган акчасынын суммасы дагы аз эместигин, ошондуктан алар берген каражаттарынын кайсы жактарга сарпталгандыгын билүүгө толук акысы бар экендигин, коррупциялык иштерге жол берилбеши керектигин белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты