АКШ жана Украина делегацияларынын жолугушуусу күтүлүүдө

  • 1 месяц мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина жана Америка делегацияларынын жолугушуусу күтүлүп жатканын билдирди.   

Fox News басылмасынын журналисти Жеки Хайнрих сүйлөшүүлөр Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында шейшемби, 2-мартта, болорун айтты. Журналисттин айтымында, сүйлөшүүлөргө АКШ тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио, президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жана Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф катышмакчы. Украина тараптан сүйлөшүүлөрдө президенттин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак катышары күтүлүүдө.

Анын алдында Майк Уолц Вашингтон жана Киев өкүлдөрү согушту токтотуу сүйлөшүүлөрүнүн күнүн, жерин талкуулап жатышканын билдирген.

Украинанын президентин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Уолц менен телефондон сүйлөшкөнүн жана тынчтыкка кадам жасоо, эки  тараптуу мамиленин коопсуздугу, өз ара позициялар боюнча пикир алышканын жана жакын арада жолугушууну сүйлөшкөнүн белгилеген.

28-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Америкада Ак үйдүн сүйрү залында жолугушту. Бул жолугушууда Украинанын жараталыш ресурстарын пайдалануу тууралуу келишимге кол коюлмак. Бирок жолугушуу учурунда алар кайым айтышып кетип, келишимге кол коюлбай калды

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты