“Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи өттү
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 17-декабрда, президенттин медиа жана журналистика жаатындагы эмгектерди колдоо үчүн ыйгарыла турган “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү.
Аземге президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, медиа-эксперттер, коомдук ишмерлер, журналисттер, блогерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана меймандар чакырылган. Жалпы сыйлык фонду 10 миллион сомду түздү.
Жыйында сөз сүйлөгөн президент мындай деди:
“Окуяларды калыс чагылдырууга умтулуу – бул экономикасы күчтүү, маданияты өнүккөн жана жарандардын жашоо деңгээли жогорку болгон мамлекетке ишенимдүү түрдө айланып бараткан өлкөнү – жаңы Кыргызстанды куруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат” деди Садыр Жапаров.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы