“Мейкин” сыйлыгы кимдерге ыйгарылды?
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 17-декабрда, президенттин медиа жана журналистика жаатындагы эмгектерди колдоо үчүн ыйгарыла турган “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү.
Аземге президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, медиа-эксперттер, коомдук ишмерлер, журналисттер, блогерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана меймандар чакырылган. Жалпы сыйлык фонду 10 миллион сомду түздү.
Садыр Жапаров «Сөзүмдүн акырында учурдан пайдаланып, ушул жерден пайдаланып калбасам болбойт, урматтуу айрым журналисттер, айрыкча «Азаттык» радиосу жана башка беш-алты сайт жалган маалыматты таратып коюп, тымпыйып олтуруп калбастан, этият болсоңуздар деп суранып кетет элем сиздерден» деди.
“Коррупцияны иликтеңиздер, биздин кемчиликтер болсо, аны жиликтеңиздер, ачыкка чыгара бергиле, биздин коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок. Бирок “дейт-дейт” дебей, “Алмакан эжем айтып атпайбы” дебей, материалыңардын эң жок дегенде, 90 пайызын далилдеп алып туруп, далилдер менен чыгарсаңыздар, мага дагы жардам болот эле. Коррупция, уурулук менен, сиздерсиз эле аёосуз күрөш жүрүп жатканын көрүп жатасыздар, биз эч кимди аяган жокпуз, андан кийин дагы аябайбыз. Коррупция менен күрөш токтобойт, 24 саат бою улана берет.
Ал эми сөз эркиндиги болсо, болуп келген бизде, жана мындан кийин дагы боло берет. Бир гана суранычым – сөз эркиндиги менен ушак-айыңды, жалган маалыматтарды, бирөөнүн аброюна далилсиз шек келтирүүнү жана эң негизгиси массалык баш-аламандыкка чакырууну сөз эркиндиги менен алмаштырбасаңыздар деп суранып кетет элем” деди Садыр Жапаров.
Мейкин сыйлыгы:
-УТРК кабарчысы Айсулуу Асанбекова;
-ЭлТР кызматкери Аскар Маратов;
-“Акчабар” порталы;
-“Кут билим” гезити;
-УТРК Ысык-Көл Гүлбарчын Молдоева;
-“Мир” телерадиосу Аида Аматбекова;
— Ютуб-блогер Дооронбек Адаханов;
-ЭлТР Рахат Кыдыртоктоева;
-“Спутник” маалымат агенттиги;
-Көз карандысыз журналист Улан Эшматовго ыйгарылды.
Булардын ар бирине 1 000 000 сомдон берилди.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы