«Мегакомду» сатуу: Кардар чыкпай, аукцион өтпөй калды. Эмкиси — 11-октябрда

  • 7 месяцев мурун

“Альфа-Телеком” жабык акционердик коомунун — “Мегакомдун” 100% акциясын сатуу боюнча электрондук аукцион 2-октябрга белгиленгени тууралуу 4-июлда маалымат берилген. Бирок ага катышуу ниетин билдирген кардар чыкпагандыктан, электрондук аукцион жылдырылды, ал 11-октябрда өтө тургандыгы маалымдалды.

Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кабарлады.   

Маалыматта айтылгандай, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү сатуу” тууралуу мыйзамга ылайык, “Альфа-телеком” жабык акционердик коомунун 100% акциясын сатуу боюнча ведомстволор аралык комиссия электрондук аукционду 11-октябрга жылдыруу чечимин кабыл алды. Электрондук арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 11-октябрга чейин узартылды.  

“Магакомдун” акцияларынын пакетинин баштапкы баасы — 14 600 000 000 сом (он төрт миллиард 600 миллион сом).       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты