Мээнин кан тамыр дарты бар балдарга татаал операциялар жасалды
- 2 месяца мурун
Улуттук госпиталдын базасында мээнин оор кан тамыр ооруларына – аневризма жана артериовеноздук мальформацияга (АВМ) – чалдыккан балдарга жогорку технологиялуу эндоваскулярдык операциялар ийгиликтүү жүргүзүлдү.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Операция эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жана улуттук госпиталдын нейрохирургдарынын биргелешкен тобу тарабынан аткарылды.
Адистер коллегиалдык талкуулоодон кийин ар бир бейтап үчүн оптималдуу дарылоо тактикасын тандашты.
Хирургиялык манипуляциялар артерия аркылуу кирүү жолу менен, санариптик субтракциялык ангиографиянын көзөмөлүндө аткарылып, бул нурдун көлөмүн минималдаштырууга жана инструменттерди так жайгаштырууга мүмкүндүк берди.
Контролдук ангиограммалар очоктун толук жок кылынганын жана мээнин нормалдуу кан айлануусу сакталып калганын тастыктады.
«Бул операциялар Кыргызстанда балдар эндоваскулярдык нейрохирургиясынын өнүгүшүндө маанилүү кадам болуп, балдар арасындагы мээнин татаал кан тамыр ооруларын дарылоодо улуттук медицинанын чоң дараметин дагы бир жолу ырастады» дп айтылат маалыматта.
Сүрөт: med.kg




