Медициналык жети окуу жайдын лицензиясы жокко чыгарылат

  • 2 года мурун

Медициналык жети окуу жайдын лицензиясы жокко чыгаруу тууралуу билим берүү министрлигине сунуш берилди.

Алар- Ош эл аралык медициналык университети, Кыргыз медицина-стоматологиялык институту, Роэль Метрополитен университети, «Авиценна» эл аралык медицина университети; АВС академиясы; Бишкек эл аралык медициналык институту, медицина жана илим медициналык институту.

Саламаттык сактоо министрлиги жеке менчик медициналык окуу жайлардын клиникалык базасын, шартын талдоо аяктаганын билдирди. Анын негизинде тизмедеги 17 мекеменин тогузунун клиникалык базасы жетишсиз, айрымдарында такыр эле жок экени аныкталган.

Мындан сырткары буга чейин форма №6ны албаган “Адам” университети, Илим жана бизнес эл аралык институту жана Бишкек финансы-экономика академиясына байланыштуу билим берүү министрлигине кайрылды.

Кыргызстанда медициналык окуу жайларды иретке салуу маселеси бир топ убакыттан бери көтөрүлүп келген.

Өлкөдө медициналык багытта 28 миңден ашык чет элдик жаран билим алат. Алардын 8 миңге жакыны коңшу өлкөлөрдөн болсо, 20 миңдейи Пакистан, Индия, Бангладеш сыяктуу мамлекеттен келгендер.

2020-жылы Пакистан Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайларды «кара тизмеге» киргизип, өз атуулдарын бул окуу жайларга тапшырбоого чакырган. Кийинчерек төрт медициналык жогорку окуу жайы «кара тизмеден» чыккан.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты