Бишкектин Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
- 2 месяца мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарында 20-августта жол оңдоо иштерине байланыштуу Бакаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн (азыркы Шабдан Баатыр көчөсү) Кочкор көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Бул тилкеде жол куруу жана оңдоо, ошондой эле ага байланыштуу инфраструктуралык иштер жүргүзүлөт. Ага байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Мэрия жол каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болуучу тыгындарды эске алууңуздарды жана альтернативдүү айланма жолдорду тандоону өтүнөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




