Медиа коомчулук Болот Темировдун акталышын талап кылат  

  • 2 года мурун

Кыргызстандын медиа коомчулугу Болот Темировдун аракеттеринде кылмыштын курамы болбогондугу үчүн ага коюлган бардык айыптар боюнча актоону талап кылган билдирүү жасады.

Мамлекеттик айыптоочу Болот Темировду 5 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Мындан тышкары, прокурор Мээрим Алиева Темировду кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесине ылайык, өлкөдөн чыгаруу маселесин көтөрдү.

“Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланган шартта медиа коомчулук Болот Темировдун өмүрү үчүн терең тынчсыздануусун билдирет. Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу менен мамлекет анын коопсуздугун чоң тобокелдикке кептеп жатат.

КР Конституциясында “Кыргыз Республикасынын жараны республиканын чегинен сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке өткөрүп берилбейт” деп бекитилген. Баш мыйзамдын 56-беренесинде “Инсандын дене-боюна жана моралдык кол тийгистигине карата чектөөлөргө жасалган кылмыш үчүн жаза катары мыйзамдын негизинде гана соттун өкүмү боюнча жол берилет” деп көрсөтүлгөн. 2022-жылдын 22-сентябрында Болот Темиров жана анын жактоочулары бардык коюлган айыптоолорду толугу менен четке кагып, жарыш сөздүн жүрүшүндө жазык ишинин материалдары менен күнөөнүн кудуретсиздигин жана далилденбегендигин көрсөтүп беришкен.

“Кыргыз Республикасы сынчыл маанайдагы материалдарды жарыялагандыгы үчүн журналист куугунтукталбайт деп кепилдик берет. Мамлекет журналистке маалыматты эркин алууга жана жайылтууга кепилдик берет, журналист кесиптик ишин жүзөгө ашырууда анын корголушун камсыз кылат. Жогоруда баяндалгандарга таянып, Кыргызстандын медиа коомчулугу Болот Темировдун аракеттеринде кылмыштардын курамы болбогондугу үчүн ага коюлган бардык айыптар боюнча актоону талап кылат” деп айтылат билдирүүдө.

28-сентябрда иликтөөчү журналист, Temirov Live редакциясынын негиздөөчүсү Болот Темировго сот өкүмү чыгат деп күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, иликтөөчү журналист Болот Темиров кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо”), 378-беренеси (“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү”), 379-беренеси (“Документтердин жасалмасын жасоо”) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталууда. Болот Темировго карата кылмыш иштери жогорку даражалуу кызмат адамынын атына байланышкан чуулгандуу иликтөөлөр жарыяланаар замат козголгон.

Билдирүүгө кол койгондор:  “Медиа Полиси Институту” КФ, Журналисттик иликтөөлөр фонду, Аделя Лаишова, Эльмира Ногойбаева, Kaktus.media, ПолитКлиника медиасы, Говори ТВ, Азаттык медиасы ж.б.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты