Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот иши уланууда

  • 2 года мурун

Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шек саналып жаткан Санжар Сапарбековдун сот иши уланууда. Бул тууралуу жактоочуларынын бири маалымдады.

1-сентябрдагы өткөн сот отурумунда күбөлөр суралган.

7-февралда шектүү Санжар Сапарбековго кылмыш жаза кодексинин (2021-жылдагы редакциясы боюнча) бир нече беренеси менен айып тагылган. Ал тагылган күнөөлөрдү моюнуна албай турганын билдирген.

Сапарбеков былтыр ноябрь айында кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган. Айрым маалыматтарга караганда, ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын чөйрөсүндөгү адамдардын бири болгон.

Медет Садыркулов, эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов 2009-жылы 13-мартта табышмактуу жагдайда каза болгон. Алардын сөөгү Чүйдө өрттөнгөн машинеден табылган. Ошол кездеги бийлик бул окуяны автокырсык катары сыпаттаган.

2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кайра иш козголуп, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевге “бул иштин башында турган, буйрук берген” деген айып коюлган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2011-жылы мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын, милициянын жана Чек ара кызматынын жогорку деңгээлдеги жана катардагы 17 кызматкери жоопко тартылган.

Сүрөт: Санжар Сапарбеков. RFE/RL

Булак: «Азаттык»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты