Медербек Сатыев: Айрым судьялардын коррупциялык аракеттери, адепсиз жүрүм-туруму сот системасынын аброюн түшүрүүдө

  • 5 месяцев мурун

7-августта Кыргыз Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жергиликтүү соттор менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Анда соңку учурдагы айрым судьялар менен сот аппаратынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу сөз болду.

Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында маалымат жарыяланды.

Анда судьялардын эмгек акылары жогорулап, материалдык-техникалык база чыңдалып, натыйжалуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлүп жаткандыгы баса белгиленди. Ошол эле учурда, айрым кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери жана этикага туура келбеген жүрүм-туруму жалпы сот бийлигинин аброюна шек жаратып жатканын  айтылды.

“Канчалык эскертүүлөр, талаптар коюлгандыгына карабастан айрым судьялардын пара менен кармалып, тергөө иштери жүрүп жатканы сот системасынын кадыр-баркына чоң залал келтирүүдө. Ал эми мындай көрүнүштөр коомчулук арасында сотторго карата терс сын-пикирлердин күч алышына түрткү берип жатат. Ошондуктан айрым судьялардын, сот кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерге барып жатканына областтык, райондук соттордун төрагалары сиздер да моралдык жактан жооптуу экениңиздерди унутпаңыздар!  Анткени сиздер тарабынан бул багытта жетиштүү деңгээлде алдын алуу иштери жүргүзүлбөй жатканынан кабар берет”деди.

Жогорку соттун судьясы, Судьялар кеңешинин тартип комиссиясынын төрайымы Турсунгүл Чаргынова быйылкы жылдын жети айында комиссияга судьяларга байланыштуу 294 кайрылуу түшкөнүн билдирип, бардык судьялар ант бергендигин эскертип, Кыргыз Республикасынын судьясынын этикалык кодексин бузбоого чакырды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты