Mbank кырдаал жөнгө салынуу процессинде экенин билдирди

  • 4 месяца мурун

Кыргызстандын бир катар банктарын тейлеген «КартСтандарт» процессинг борбору жабык акционердик коому тарабынан келип чыккан техникалык кырдаал тууралуу кошумча маалымат берилди.

“Учурда Кыргызстандагы бир катар банктардын, анын ичинде MBANK’тын эсептериндеги калдыктарды туура эмес көрсөтүү боюнча кырдаал жоюлду” деп айтылат маалыматта.

Кардарлардын эсептеринде акчалай суммалардын туура чагылдырылышын калыбына келтирүү боюнча активдүү процесс башталды

MBANK кардарларынын бардык каражаттары толугу менен коопсуз жана банктын ишенимдүү коргоосунда.

2024-жылдын 14-январь күндүн аягына чейин абал толугу менен жөнгө салынат.

Кырдаал жоюлгандан кийин бардык каражаттар толугу менен жеткиликтүү болот,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин «Кыргызстан» банкынын Mbank эсебинен кардарлардын акча каражаттары жоголуп кетип жаткандыгы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда айтылып жатат. Банктан техникалык себептерден улам кардарлардын акча каражаттарынын эсеби туура эмес көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты