Масс-медиага окуяларды ар тараптуу, калыс чагылдырган адистер ар дайым керек. Президенттин куттуктоосу

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров радио  жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. 

-Өлкөбүздүн радио жана телекөрсөтүү кызматкерлери мезгил талабына жооп берип, ата мекендик аудиториянын телерадио продукциясына болгон суроо-талаптарын канааттандырып жаткандыгына ишенем, -деди куттуктоосунда мамлекет башчы.

-Жалпыга маалымдоо каражаттары ар бир адамдын жашоо-турмушунда маанилүү роль ойнойт, ал коомдук пикир жаратуунун, чыгармачыл эмгектерди, руханий жана улуттук баалуулуктарды жеткирүүнүн, мамлекеттик саясаттын башкы багыттарын жалпы коомчулукка жайылтуунун алмаштыргыс куралы болуп саналат.

Сиздердин кесибиңиздер өтө кызыктуу жана өтө маанилүү, сиздер кандай керемет инсандар менен баарлашып, кандай гана кайталангыс тагдырларды чагылдырып бересиздер, дайыма өлкөдө болуп жаткан окуялардын чордонунда жүрөсүздөр. Масс-медиага өз кесибин берилип сүйгөн, болуп жаткан окуяларды ар тараптуу жана калыс чагылдыра алган, таланттуу адистер ар дайым керек,-деп айтылат куттуктоодо.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты