Машыктыруучу Руслан Искенов дүйнөдөн кайтты

  • 2 месяца мурун

Кыргыз ССРинин 12 жолку жана студенттер арасында СССРдин 2 жолку чемпиону, көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Руслан Искенов 13-майда дүйнөдөн кайтты.

Руслан Искенов 1940-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Нарын шаарынын Токтогул атындагы орто мектебин аяктаган. 1959-жылы мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, аны 1962-жылы аяктаган.

1966-жылдан тартып 1972-жылга чейин Кыргыз ССРинин Агартуу министрлигинин республикалык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде директор болуп иштеген.

1972-жылдан тартып 1981-жылга чейин Н.К. Крупская атындагы республикалык спорт багытындагы мектеп-интернатынын директорунун орун басары болуп иштеген (азыркы Ш. Сыдыков атындагы республикалык спорттук колледжи).

Руслан Искенов спорттук самбону жайылтууга жана өнүктүрүүгө көптөгөн күч-аракетин жумшаган, 1989-жылдан тартып республикалык самбо федерациясын жетектеген. 1995-жылы Дүйнөлүк самбо федерациясынын башкы катчысы болуп шайланган. Анын тарбиялануучулары дүйнө жана Азия чемпионаттарына ийгиликтүү чыгышкан.

Руслан Искеновго 1993-жылы Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү зор салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылган, 1997-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.

«Искенов Руслан Сырдыбаевич ак ниеттүү жана эмгекчил адам катары өмүр сүрдү, кыргыз спортунун кайталангыс талантынын жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз» деп айтылат Министрлер кабинетинин көүл айтуусунда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты