Машинага милдеттүү түрдө видеокаттоо орнотуу каралган мыйзам долбоору даярдалат

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбековго өлкөдөгү бардык машиналарга милдеттүү түрдө видеокаттоо (видеорегистратор) системасын орнотуу каралган мыйзам долбоорун даярдоону тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта «машинелерге видеокаттоо коюу жол кыймылы катышуучулары арасындагы тартипти күчтөндүрүүгө, коомдук коопсуздукту чыңдоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле видеокаттоодогу жазуулар жол кырсыгынын себебин талдоодо маанилүү курал болуп берет. Аталган ченемди 2025-жылга карай ишке киргизүү сунушталууда, бул унаа ээлерине көрсөтүлгөн убакытка чейин видеорегистратор алууга өз бюджетин пландаштырууга мүмкүндүк берет» деп айтылат.

Февраль айында Акылбек Жапаров милицияга жол кырсыктарын 50% азайтуу тапшырмасын берген. Ошондой эле автомектептерге лицензия берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформа үзүрүн бериши керектигин эскерткен.

Ушул жылдын алгачкы үч айында өлкөдө 1343 жол кырсыгы катталган. Анда 1990 адам жараат алып, 107 киши көз жумган.

Былтыр Кыргызстанда жети миңдей жол кырсыгы катталган жана бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 22% көп болгон.

Кыргызстанда 1,5 миллионго жакын машине катталган.

Сүрөт: ARP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты