Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө мыйзамга кол коюлду

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзамга ылайык, мурда көмүлгөн жайдын жанындагы жердин бош участогундагы орунду кийин жубайын көмүү үчүн алып коюуга болот.

Мыйзам 2023-жылдын 28-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда сөөктү коюу жайын уюштуруу шарты жана сөөктү коюу жайын уюштуруу үчүн жер участогун бөлүү, аны карап-күтүү жана көрктөндүрүү тартиби, сөөк көмүлүүчү жайларды жайгаштырууга жана аларды пайдаланууга санитардык талаптар каралган.

Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында ар бир адамга ал өлгөндөн кийин анын керээзин эске алуу менен сөөгүн жайга коюу, жер участогун акысыз негизде берүү кепилденет.

Ошону менен бирге мурда көмүлгөн жайдын жанындагы жердин бош участогундагы орунду кийин жубайын көмүү үчүн брондоо маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын кассасына Министрлер кабинети тарабынан аныкталуучу тарифке ылайык, акча каражаттары төлөнгөндөн кийин жүргүзүлөрү белгиленген.

Арыз ээси Кыргыз Республикасында жашаган жана иштеген ырастоочу документтерди (адамдын өлгөндүгүн тастыктоо жөнүндө медициналык маалымкат) тапшырганда үч жумушчу күндүн ичинде сөөк коюуга жөлөкпул алууга укуктуу.

Жубайы, жакын туугандары, башка туугандары же болбосо сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жак жок болгон учурда, анын сөөгүн жайга коюу, ошондой эле ким экени аныкталбаган маркумдун сөөгүн жайга коюу, маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан жүзөгө ашырылат.

Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун тандоо курулуштарды жөнгө салуунун башкы пландарына жана схемаларына, шаар куруу документтерине, жердин гидрогеологиялык мүнөздөмөлөрүн, рельефинин өзгөчөлүктөрүн, топурагынын курамын, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө чектеги жол берилүүчү экологиялык шартты эске алуу менен калктуу конуштарды жана аймактарды куруу эрежелерине ылайык, ошондой эле санитардык ченемдерге жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин жоктугуна жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык жүзөгө ашырылат.

Сөөктү коюу жайларында мал жаюуга, бак-дарактарды, мөмөлүү дарактарды, маданий айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө тыюу салынат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты