Марин Ле Пен 4 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми шайлоого катыша албайт
- 2 месяца мурун
Европарламенттин каражатын максатсыз коротууга айыпталган Марин Ле Пен 4 жылга эркинен ажыратылды. Анын эки жылын шарттуу түрдө өтөйт, эки жылы үй камагында болот.
Париж соту “Улуттук бирлик” партиясынын парламенттик фракциясынын лидери Марин Ле Пенди Европарламенттин каражатын максатсыз пайдаланууга айыптады. Бул тууралуу BFMTV билдирди.
Телеканал билдиргендей, айыптоо өкүмү Ле Пенди шайлоо укугунан дароо ажыратат. Сот өкүмдү толук ачыктай элек. Ошондой эле “Улуттук бирлик” партиясынан Европарламенттин 8 депутаты бул иш боюнча күнөөлүү деп табылды. Соттун материалдары боюнча, айыпталгандардын аракетинен жалпы суммасы 2,9 миллион евро каражат зыян келтирилген.
Марин Ле Пен жана анын замандаштары Европарламентке жардамчы алынды деп жалган айтуу менен, андагы каражаттарды “Улуттук бирликтин” пайдасына жумшоого айыпталууда.
Сот бул ишти 2024-жылдын сентябрь айынан бери карап жатат. Париждин прокуратурасы Ле Пенди беш жылга шайлануу укугунан ажыратууну талап кылган. Прокуратура аны беш жылга эркинен ажыратуу, анын эки жылын шарттүү түрдө, ошондой эле 300 миң евро айып төлөөнү талап кылган.
Марин Ле Пен 2027-жылы Франциядагы президенттик шайлоого катышууну көздөп жаткан. BFMTV андай айып тагылса, сот чечимин кайра караган күндө да өз талапкерлигин кое албайт деп жазган.
Сүрөттө: Марин Ле Пен. Интернет булактарынан