Марат Иманкулов Ооганстандагы кырдаал боюнча аймактык жыйынга катышты

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Ооганстандагы кырдаал боюнча үчүнчү аймактык диалог жыйынына катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде терроризм, экстремизм, сепаратизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жана баңгизатка каршы күрөшүү жаатында пикир алмашуу болду.

Жыйынга Индия, Иран, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери жана Коопсуздук кеңештеринин катчылары катышты.

Белгилей кетсек, ооган маселеси мындай форматта биринчи жолу талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Ооганстандагы кырдаалдын контекстинде мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүү боюнча Дели декларациясы кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты