Нью-Делидеги мейманканадагы өрттө 21 киши каза тапты, анын үчөө — Кыргызстан жараны

  • 2 недели мурун

3-июнда Индиянын Нью-Дели шаарынын Малвия Нагар районунда жайгашкан Florist Inn мейманканасында чыккан өрттүн кесепетинен 21 адам, алардын арасында Кыргыз Республикасынын үч жараны 1976-ж.т., Х.Н., 2003-ж.т. Х.Т., 1950-ж.т. К.М. каза болду.

Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.   

Маадыматта айтылгандай, Индиянын компетенттүү органдарынын маалыматына ылайык, мейманканада жашаган чет элдик жарандардын көбү Нью-Дели шаарындагы медициналык мекемелерде дарылануу максатында Индияга келишкен. 

Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчилиги андагы компетенттүү органдар, ошондой эле каза болгон жарандардын туугандары менен тынымсыз байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардамды көрсөтүүдө. Учурда каза болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү маселелери иштелип жатат.

Сүрөт: Нью-Дели мейманканасындагы өрт. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты