“Марал” радиосу ишин токтотту

  • 1 год мурун

Кыргызстандагы көз карандысыз, берүүлөрүн кыргыз тилинде уюштуруп келген “Марал” радиосу өз ишин токтоткондугун кабарлады.

“Маралдын” түптөлүшүнө кыргызстандык ишкерлер, катардагы жарандар салым кошуп, 2011-жылы Бишкекте негизделген. Радио саясий-экономикалык, коомдук-маданий жана агартуу багытындагы берүүлөрдү алып барган. “Марал” радио, телеканал жана онлайн түрүндө өз ишин алып барган.

«Марал» угарман, көрармандарынын сүйүктүү радиосуна айланган. Анын жабылышынын себептери айтылган жок.

Сүрөт: Интернет булактарынан

    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты