Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор өз ишин токтотот
- 9 месяцев мурун
Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору өз ишин токтоторун маалымдады. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору Фейсбук баракчасында билдирди.
“Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору 3-октябрдан баштап, өз иши токтотот. Борбордун бардык функциялары “Акыйкатчы тууралуу” мыйзамдын күчүнө кириши менен акыйкатчыга өткөрүлүп берилет” деп айтылат билдирүүдө.
Билдирүүдө белгиленгендей, аталган борбор 13 жылдык ишинде 17 миңден ашык жолу эркиндикти чектөө жайларына барды, кыйноолор жана катаал мамиле тууралуу 2 миңден ашык арыздары кабыл алды. 18 жолу ар жылда баяндама даярдады, 700дөн ашык сунуштарды берди, алардын 60 % аткарылды.
Кыйноо индекси программасы боюнча, 2027-жылдан 2022-жылга чейин кыйноолордун саны өлкөдө 1,5 эсеге азайды, бирок көйгөй күчүндө калды.
“Координациялык кеңеш мамлекеттик органдарды, жарандык коомду жана эл аралык өнөктөштөрдү колдоолору үчүн ыраазылык билдирет, кыйноонун алдын алуу боюнча түзүлгөн мониторинг адам укугун коргоонун жана кыйноонун алдын алуунун негизи болуп калды” деп айтылат билдирүүдө.
2012-жылдын июлу – КР “Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазанын түрлөрүнө жол бербөө боюнча Улуттук борбор жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган.
Сүрөт: Кыйноолоргот каршы улуттук борбор




